Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-июнь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 02.12.2014 09:58

Жалал-Абадда майыптарга жардам берүү боюнча бир айлык өтүүдө

Turmush -  Жалал-Абад облусунда майыптарга жардам берүү боюнча бир айлык 15 -ноябрда башталган, ал 15-декабрга чейин улантылат.

Областтагы мекеме-уюмдар, ишканалар жана жеке адамдар майыптардын Бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата облустагы майыптарга материалдык жардам беришүүдө. Облустук бийликтин социалдык мониторинг жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси Абдулла Камбаровдон 1-декабрда алынган маалыматка караганда өкүлчүлүктүн резервдик фондунан областтагы көзү азиздер жана дүлөйлөр коомунун эсебине 20 миң сом, ал эми Жалал-Абаддагы балдардын психоневрологиялык социалдык мекемесинин эсебине 50 миң сом акча которулду.

Майыптарга Жалал-Абаддагы темир жол вокзалы 10 миң сом бөлдү. Жалал-Абад областтык унаа бекетинин кызматкерлери өздөрүнүн бир күндүк эмгек акысын топтоп беришмекчи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×