Бөлүмдөр
Ишемби, 21-апрель
Нарын

Адистин кеңеши: Жуулбаган кир колдор аркылуу жугуштуу оорулар, - В.Абышбаева Ак-Талаа району

Turmush -  Бүгүнкү күндө гигиеналык адаттарды калыптандыруу боюнча ар кандай программалар жана ыкмалар иштелүүдө. Бирок ошого карабастан чоңдор арасында санитардык гигиена толук колдонбостон бир гана колду жууганына басым жасап, калкка маалымат берүүдөбүз.

«Сак болгула: кир колдор» жуулбаган кир колдор аркылуу төмөнкү оорулар жугушу мүмкүн: мите-курт оорулары -мисалы: гельминтоз, лямблиоз, эхинококкоз, А вирусту сарыгы (гепатит А), ич келте, ич өткөк, жана сальмонеллез.

Бул оорулардын  80%  жуулбаган кир колдор аркылуу берилет. Мына бул колду бат-баттан самындап жуугандын пайдасын далилдөөчү изилдөөлөрдүн биринин жыйыныгы.

Ар дайым колдорун самындап жууп жургон балдардын 25% сейрек учурларда Гана оорушат. Болгону  20 секундубакытты талап кылган (колду самындап жуумай) иш-аракет жугуштуу жана  мите курт ооруларын жуктуруп алуу коркунучун азайтат. 

Колду дааратканага барып келгенден кийин, бакчада жана чарбакта иштегенден кийин, үйжаныбарлары менен ойногондон жана таштандыларды топтоп, ташыгандан кийин жууш керек. Ошону  менен   бирге  колду  тамактанаар  алдында, тамак даярдаар алдында тазалап жууп, мөмө -жемиштердин да жакшылап жуулушу талапка ылайык. Колду бат-баттан самындап жууп туруу  тажрыйбасы акчаны дагы үнөмдөйт, себеби ооруп калган учурда дары-дармекке көбүрөөк акча сарпталат.

Кол жуугучтун жайгашкан жерине анын жанында самындын, сүлгүнүн дайма болушуна өзгөчө көңүл буруңуз. Алар жаш балдар чоңдор колун жууганга ыңгайлуу жерде жайгашышы керек. Ошондой эле сүлгүнү тез-тезден алмаштырып туру зарыл, ал дайма кургак болуп турушу керек.  

Кир колдор аркылуу жугуучу жугуштуу оорулар төмөнкүлөр.

1. Мите курт   оорулары.  (  гельминтоз,  лямблиоз, эхинококкоз )  Бул   организимди ууландырат, балдардын  өсүүп -өнүгүүсүн   кечеңдетет,  иммунитетти  төмөндөтөт.

2. « А»  вирустуу   сарыгы  ( гепатит )   Бул  боорду  жабыркатат, атайын  диетаны  жана режимди сактоо зарылчылыгы келип чыгат.

3. Курч  кармаган  ичеги –карын  инфекциялары  (ич  келте,ич  өткөк, сальмонеллез)  Бул – организимдин   суусузданышына  алып  келет,  аз  кандуулукту   чакырат, иммунитетти төмөндөтөт.


Таза колдор - оорудан мыкты коргойт.

Венера Абышбаева, Ак-Талаа райондук ден-соолукту чыңдоо кабинетинин башчысы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 17013
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×