Бөлүмдөр
Жума, 20-июль
Нарын

Адистердин кеңеши: Эхинококкоз - коркунучтуу дарт, - Ак-Талаа райондук ден-соолукту чыңдоо бөлмөсүнүн башчысы В.Абышбаева

Turmush -  Эхинококкоз деген эмне жана кантип анын алдын алуу керек?

Эхинококкоз Кыргызстанда абдан кеңири тараган оору. Жыл сайын хирургиялык жол менен эхинококкоз менен ооруган 800 дөн ашык адам дарыланат.

Эхинококкоз - бул 2-6 мм чоңдуктагы кичинекей тасма мите курттарды алып жүрүүчүлөр болуп саналган ит, карышкыр, чөө, түлкү сыяктуу жаныбарлардын ичегисинде өсүп-өнүгөт. Илдеттүү иттин ичке ичегисинде 20-30 миңге жакын мите курттар мителик кылышат. Эхинококк мите курту ар бир 14 күн сайын жумурткага толгон бөлүкчөлөрүн сырткы чөйрөгө бөлүп чыгарып турат. Бул бөлүкчөлөр иттин көчүгүнөн өздөру активдүү сойлоп чыгышы да мүмкүн. Бул убакта итте кычышуулар пайда болот. Ал кычыштырууну басаңдатуу үчүн куйругун жалап, тиштейт, башка бир нерселерге сөйкөнөт. Сойлоп чыккан бөлүкчөлөрү жүн аркылуу жыла баштайт, бул учурда алардан жумурткалары сыгылып чыгып, иттин жүнүнө бекем жабышат. Ошентип ит мурдунан куйругуна чейин мите курттун жумурткалары менен булганып, жугуштуу болуп калат.

Мындай ит менен байланышканда, өзгөчө балдар аларды сылап, кучактап ойноп жатканда эхинококкозду жугузуп алуу коркунучу туулат. Эгерде эхинококктун бөлүкчөлөру иттин заңы менен бөлүнүп чыкса, анда алар жер жана чөп менен сойлоп буюмдарга, чөптүн сабактарына, жашылчаларга жабыша баштайт, сууларга түшүп аларды өз жумурткалары менен булгайт.

Эхинококктун жумурткасы тышкы чөйрө таасирлерине абдан туруктуу келип, кургактыкта 12 күнгө чейин чыдайт. Ал эми, 10-26 градуста бир ай бою, ал эми 1ден +1ге чейинки температурада 4 ай бою тирүү сакталат.

Ит-мышык жана жапайы жырткыч жаныбарларга эхинококкоз дарты ири жана майда мүйүздүү малдын чийки эхинококк ыйлаакчалары бар органдарын (өпкө, боор ) жегенде жугат. Иттин илдетке чалдыгышына көбүнчө адамдар өздөрүү күнөөлүү. Айрыкча малды сойгондо илдеттүү органды, негизинен оору жабышкан өпкө – боорлорду итине берип салышат. Илдеттүү органды жегенден кийин иттин ичегисине кирген ыйлаакчалардан эхинококкоздун бойго жеткен жумуртка туучу мите курту 3 -4 ай ичинде пайда болот. Бойго жеткен эхинококк мите курту иттин ичегисинде 9 -12 ай бою 200дөн 800гө чейин жумуртка бөлүп чыгарып, кайрадан малга жана адамдарга жугузуу коркунучун жаратат.

Ошентип иттен малга, малдан итке жугуусу улана берет.

Акыркы убакта айыл жергесинде ээсиз калган жолбун иттер өтө көп болууда. Мындай көрүнүш чоң шаарларда да орун алууда. Тилекке каршы жолбун иттер эхинококкоз оорусунун бирден –бир таратуучусу болуп калууда. Жолбун ит-мышыктар эч качан коркунучтуу ооруларга каршы дарылоодон өтпөйт. Ошондуктан жергиликтүү башкаруу органдары, шаарлардын коммуналдык ишканалары жолбун ит-мышыктардан арылуу боюнча иштерди өз убагында аткаруусу зарыл.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 16910
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×