Бөлүмдөр
Жума, 20-июль
Жалал-Абад

Адистин кеңеши: ВИЧ/СПИД илдетинен сактануу жолдору

Turmush -  Жалал-Абад облустук СПИДге каршы күрөшүү борборунун баш дарыгери окурмандарга төмөнкүдөй кеңеш берет. Анын айтымында, бул дарттан сактануу учун:

1. Баш аламан жыныстык катнаштан оолак болуңуз же презервативди дайыма жана туура колдонуңуз.

2. Дарылоо мекемелеринде стерилдүү медициналык аспаптарды жана бир гана жолу колдонуулуучу ийне, системаларды пайдаланыңыз.

3. Өздүк гигиеналык буюмдарды (тарак, сакал алуучу устара, тиш щетка) өзүңуз гана колдонунуз.

4. Денени тилдирүүнү, денеге сурөт тарттырууну, кулак көзөтүүнү көрүнгөн жерде кир аспаптар менен жасатпаңыз.

5. Баңги заттарды колдонбоңуз.

Жалал-Абад облусунда жашаган жарандардын Жалал-Абад шаарынын Курортная көчөсү № 37 дарегинде жайгашкан СПИД борборунда акысыз жана жашыруун түрдө ВИЧке текшерүүдөн өтүп туруусу сунушталат.

Сурап билуу үчүн телефон номуру: 2-61-27

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 8474
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×