Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 26.11.2014 14:00

Айыл турмушу: Кара-Көлдөгү Көк-Бел айылында 16 баласы, 200 чөбөрөсү жана 30 кыбырасы бар баатыр эне жашайт (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү аймактык кеңешиндеги Көк-Бел айылында 200 чөбөрөсү жана 30 кыбырасы бар баатыр эне жашайт.

Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, баатыр эне Гүлүмкан Кадыралиеванын 16 баласы, 78 небереси 200 чөбөрөсү жана 30 кыбырасы бар. Ал 1935-жылы төрөлүп, 80 жашка таяп калды.

Анын айтымында, ал 12 баласын өзү төрөсө, 4 баласы жолдошунун биринчи никесинен. Ал каза болуп калган жана 40 жашында жесир калган баатыр эне 16 баласынын бардыгын тарбиялап өстүргөн.

Анын жолдошу Бабакан аттуу элдик дарыгер болгон. Анын ысымы айылдагы №8 орто мектепке ыйгарылган.

Г.Кадыралиева улгайган жашына карабай уй саап, үй жумуштарына көмөктөшкөнгө аракет кылат. Бирок кичүү уулу менен келини Айжан апасына жумуш жасатпоого аракет кылышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×