Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Баткен облусуБаткен району 19.11.2014 12:37

Айыл турмушу: Баткен облусунда 75 жаштагы С.Жапарова эртең менен көнүгүүлөрдү жасайт, ал эми жолдошу ага арнап ыр чыгарган (фото)

Turmush -  Баткен районунун Зарташ айылынын тургуну Сава Жапарова өмүрлүк жары Сейдахмат Жапаров менен бирге турмуш курганына 60 жыл болду, деп билдирет Turmush басылмасынын аймактык кабрчысы.

Маалыматка ылайык, алар 5 кыз 2 уулду тарбиялап, өстүрүшкөн.

С.Жапарова 75 жашта болсо да үй жумуштарынын баарын жасап, уй саайт. Эртең менен көнүгүүлөрдү дагы жасайт.

«Сава апа өзүнүн жөнөкөйлүүлүгү, акылмандыгы, оор басырыктуулугу, кичи пейил мүнөзү менен өзүнө тартат», - деп билдирет кабарчы.

Анын мындай сапатын баалаган жолдошу Сейдахмат Жапаров атайын ыр да жазган.

Жигиттин гүлү боломун
83 жашка толомун
83 жашка толсом да
Сабага көңүл бөлөмүн.

Сүйгөнүм  сенсиң Сава
Сенсиз жоктур үйдө аба
Сагынып мен кеттим,Баткенде көп жүрүп калба

60 жыл жашадык
Ашынды жакшы ашадым
Аш жасап эле бере берчи
100 жашка чейин жашайын.

.IMG-20141118-WA0148

IMG-20141118-WA0149

IMG-20141118-WA0154

В 1

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×