Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-июль
Чүй облусуЫсык-Ата району 15.11.2014 12:18

Республиканын аймагында өткөн сутка ичинде 12 өрт кырсыктары катталды

Turmush -  Республиканын аймагында өткөн сутка ичинде 12 өрт кырсыктары катталды, деп билдирет ӨКМ басма сөз кызматы.

Жарандык коргонуунун Өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча 2014-жылдын 14-ноябры саат 08:30дан 15-ноябры саат 08:30га чейин республиканын аймагында 12 өрт кырсыктары катталып, аларды өчүрүүгө 12 өртөчүрүү бөлүмдөрү тартылган.

Алсак, Ысык-Ата районунунун Ново-Покровка айылында Киров көчөсү-55 дарегинде жайгашкан ээси, Ю. Элепесовага тйииштүү верандадан өрт чыккан.

Өрттүн кесепетинен жыгач устундуу шифер менен жабылган 16 чарчы метр веранданын чатыры, 1 стол, 4 отургуч күйгөн.

Өрттүн келип чыгышына электр жабдууларын куроодо эреженин бузулуш себеп болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×