Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-июль
Ысык-Көл облусуТоң району 14.11.2014 10:26

Жер титирөөгө байланыштуу Ысык-Көл облусунун Тоң жана Кажы-Сай айылдарында мектептерде окутуу иштери токтотулду

Turmush -  Жер титирөөнүн эпицентринде жакын жайгашкан Ысык-Көл облусунун Тоң жана Кажы-Сай айылдарындагы мектептерде окутуу иштери токтотулду. Бул тууралуу бүгүн, 14-ноябрда АКИpress агенттигине Тоң районунун акими Бакыт Рыспаев билдирди.

Анын айтымында, азыркы учурда Тоң райондук администрациясынын, ӨКМ райондук бөлүмүнүн, жана айыл өкмөтүнүн өкүлдөрүнөн түзүлгөн комиссия аталган айылдардагы мектеп имараттарын текшерип жатышат.

«Буга катар азыр комиссия үйлөрдү карап, социалдык объекттерди текшерүүгө алышты. Акимиатка үйлөрүнөн жарака кетип жабыркаган Тоң районунун жашоочулары коңгуроо кылып жатышат»,- деди Рыспаев.

Район жетекчиси комиссия бүгүн жана эртең иштерин айтты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×