Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-июль
Чүй облусу, Токмок 14.11.2014 10:04

Республиканын аймагында өткөн сутка ичинде 8 өрт кырсыгы катталды, - ӨКМ

Turmush -  Республиканын аймагында өткөн сутка ичинде 8 өрт кырсыгы катталды, деп билдирет ӨКМ басма сөз кызматы.

Жарандык коргонуунун Өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча республиканын аймагында 8 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 8 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган.

Алсак, Токмок шаарынын Ибрагимов көчөсү-81 дарегинде жайгашкан муниципалдык менчиктештирүү башкармалыгына тиешелүү барак тибиндеги үйдөн өрт чыккан.

Анын кесепетинен 10 чарчы метр линолеум полу, 4 чм жыгач полу, 4 чарчы метр жыгач дубалы күйгөн.

Өрттүн келип чыгышына мештер менен морлордун туура эмес түзүлүшү себеп болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×