Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-июль
Талас облусуБакай-Ата району 13.11.2014 20:09

Милиция УКТ мүчөсү А.Рысалиевди издөөгө көмөктөшүүгө жардам сурайт (фото)

Turmush -  Бишкек шаардык Свердлов РИИБи КР Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренсинин 2-бөлүмүнүн 3-пунктунда каралган кылмыш жасаган 32 жаштагы Рысалиев Азамат Төрөбековичке издөө салат.
1982-жылдын 1-июнунда туулган А.Рысалиев Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Өзгөрүш айылынын тургуну, мурда соттолгон. К.Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү болуп эсептелет.

Рысалиев кармоо учурунда куралдуу каршылык көрсөтүп качып кеткен.

Милиция изделген кылмышкер тууралуу маалыматтар болсо Бишкек ШИИББдин күзөт бөлүмүнө (+996312) 48-71-68 же 102 номуруна, же болбосо Бишкек ШИИББ кылмыш иликтөө башкармалыгына (+996312) 48-63-72, 48-63-06, 48-64-23, 48-64-47, (0-771) 48-62-62, (0-551) 48-62-62, (0-705) 77-43-77 телефон номурлары аркылуу билдирип коюуну өтүнөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×