Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-июль
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 13.11.2014 12:23

Өзбекстандын чек арачыларынын огунан жабыркаган Кыргызстандын жараны ооруканада көз жумду, - Мамлекеттик чек ара кызматы

Turmush -  Өзбекстандын чек арачылары тарабынан атылган октон жаракат алган Кыргызстандын жараны Өзбекстандын аймагындагы ооруканада каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 13-ноябрда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүдө айтылгандай, бул жаңжал Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука районунун аймагында кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасында бүгүн, 13-ноябрда болду.

Алдын ала маалыматтар боюнча, жаңжалдын чыгышы КР жараны Кыргызстандан Өзбекстандын аймагына аткезчилик товары менен өтүүгө кылган аракети менен байланыштуу болгон.

«Бул жаңжал такталбаган мамлекеттик чек аранын аймагында болду», - деп айтылат маалыматта.

Билдирүүгө ылайык, бул иш боюнча окуя болгон аймакта эки тараптагы чек арачылардын өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрү жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×