Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-июль
Чүй облусуСокулук району 12.11.2014 14:06

Сокулук районунда Бишкек-Шалта жолундагы жол транспорт кырсыгынын кесепетинен 28 жаштагы жигит каза болду

Turmush -  Чүй облусундагы Сокулук районунун аймагында Бишкек-Шалта унаа жолунда болгон жол транспорт кырсыгынын кесепетинен бир адам каза болду.

Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы бидиргендей, кечээ, 11-ноябрда саат болжол менен 07:30 чамасында «Митсубиси-Пажеро» унаасын башкарып келе жаткан 22 жаштагы M.Алтынбек жөө жүргүнчүнүн жолунан бир адамды сүзүп алган.

Жыйынтыгында Селекционное айылынын 28 жаштагы тургуну алган жаракатынан улам эсине келбей, ооруканадан каза болду.

Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, кырсык боюнча керектүү иштердин бардыгы жүргүзүлүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×