Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Нарын облусуАк-Талаа району 12.11.2014 09:45

Айыл турмушу: Ак-Талаа районунда жеке ишкер С.Сулайманов 10 жылдан бери унаа тетиктерин сатуу менен алек (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылында жеке ишкер Сүйүмбек Сулайманов чарба буюмдарын сатуу менен ишкерлик кылып, элдин сүймөнчүлүгүнө айланган. Бул туурасында Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.


Жеке ишкер С.Сулайманов жеке ишкерликти жайма базар учурунда бир аз каражат менен баштаган. Ал учурда автоунаалардын майда-барат тетиктерин сатуу менен баштап, 2004-жылы элдин керектөөсүн камсыз кылуу максатында азыркы имаратты сатып алган. Бул дүкөн ачыла элек кезде автоунаасы бар айдоочулар автоунаанын тетиктерин борбор калаадан алдырып, аны күтүп, алынып келинген тетиктер туура келбей бир топ көйгөйлөрдү жаратып келген. Ал эми учурда, бул дүкөндүн ачылышы эл үчүн да, айдоочулар үчүн жакшы болду.


Дүкөндө курулуш материалдары, авто унаа тетиктери, чарба буюмдарынын баардык түрлөрү сатылат. Кыскасы азык-түлүктөрдөн башкасы бүт сатылат. Анын үстүнө, райондогу бардык мекеме-ишканалар, айыл өкмөттөр менен келишимдик түрдө иш алып барып, алардын болгон керектөөлөрү менен камсыз кылып келүүдө. Ал эми дүкөнүнөн кардарлардын соода кылышы да тынымсыз жүрөт.


Аталган ишкер мырза, жеке эле соодасын гана кылбастан ар кандай коомдук иштерден четте калбаай, спорттук мелдештерге, иш-чараларга демөөрчүлүк кылып келгени менен белгилүү. Мындай эмгектери үчүн Нарын облусунун «Мыкты ишкер», райондун «Алдыңкы ишкери», Баетов айлынын «Чыгаан ишкери» жана былтыр 2013-жылы Нарын облусттук «Теңир Тоо» гезити тарабынан «Мыкты ишкер» номинацияларын жеңип алып, Ардак грамоталар менен сыйланган жана айыл өкмөттөрдүн грамоталары, ыраазычылык каттарына ээ болгон.

ак-талаа чарба (1)~1ак-талаа чарба (2)~1ак-талаа чарба (8)~1ак-талаа чарба (7)~1ак-талаа чарба (6)~1ак-талаа чарба (9)~1ак-талаа чарба (10)~1ак-талаа чарба (5)~1ак-талаа чарба (4)~1ак-талаа чарба (3)~1
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×