Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-июль
Баткен облусуКадамжай району 12.11.2014 09:05

Кадамжай районунун Арпа-Сай айылындагы орто мектептен өрт чыкты

Turmush -  Баткен облусунун Кадамжай районундагы Марказ айыл аймагынын Арпа-Сай айылында кечээ, 11-ноябры күнү саат 17:50дө Арпа-Сай атындагы орто мектебинде өрт кырсыгы катталган. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы 12-ноябрда билдирди.

Маалыматка ылайык, өрттүн кесепетинен мектептин коридору, 1 класстын ДВП менен капталган шыбы, 6 даана пластик эшик жана 2 даана терезе күйгөн. Жалпы аянты 119 метр квадратты түзгөн.

Өрттү өчүрүүгө КРнын ӨКМнин №75 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм, КРнын ӨКМнин №76 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм жана КРнын ӨКМнин №62 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм тартылып, саат 19:55де өрт толугу менен өчүрүлгөн.

Өрттүн келип чыгышына жылытуучу мештердин жана морлордун туура эмес түзүлүшү себеп болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×