Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 11.11.2014 12:17

Айыл турмушу: Кара-көлдүк баатыр эне С.Кулдубаеванын 10 баласы, 34 небере жана 5 чөбөрөсү бар (фото)

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында 128 баатыр эне жашайт, деп билдирди шаардык мэриянын социалдык өнүктүрүү башкармалыгы.

Алардын бири 66 жаштагы Салтанат Кулдубаеванын 10 баласы бар, 34 неберенин жана 5 чөбөрөнүн чоң энеси. Ал Жалал-Абад облусунун Жаңы-Жол районунда туулуп, өскөн.

С.Кулдубаеванын айтымында, 1965-жылы Кара-Көл шаарына турмушка чыккан. 1988-жылы Совет мезгилинде «Баатыр эне» орденин тагынган.

«Мамлекет тарабынан азыр эч кандай пособия, же жеңилдик албайм. Азыр мен уулум менен турам. Неберелеримди, чөбөрөлөрүмдү тарбиялоого жардам берем», - дейт ал.

Баатыр эне белгилегендей, азыркы аялдар баккандан коркуп, көп бала төрөшпөйт. «Мен кеңеш берет элем, эч нерседен коркпой, көп балалуу болуш керек. Кудай баарына берет, ар бир бала өз ырыскысы менен төрөлөт», - деп айтат чоң эне.

Бош убактыларында ал төшөк курап, жаздык тигүү менен алектенет. Конушалары жана жакын санаалаштары аны кыздын себин даярдоого жардамдашуусун өтүнүп чакырышат.

Анын эң улуу баласы 1966-жылы туулган, эң кичүү кызы 1988-жылы туулган. 5 кызжана 5 уулдун апасы.

IMG-20141111-WA0014

IMG-20141111-WA0009

IMG-20141111-WA0013

IMG-20141111-WA0019

IMG-20141111-WA0001

IMG-20141111-WA0018

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×