Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-июль
Жалал-Абад облусуТоктогул району 11.11.2014 11:38

Токтогулда Айыл-чарба министрлигинин атайын фонду тарабынан мамлекеттик сатып алууда кыянат колдонуу фактысы аныкталды

Turmush -  УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы жүргүзгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын негизинде Айыл-чарба жана мелиорация министрлиги алдындагы Атайын фонддун жетекчилиги тарабынан 2012-жылы атайын техникаларды мамлекеттик сатып алууда кыянат колдонуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2012-жылы Токтогул районундагы суу чарба объекттерин каржылоо боюнча Айыл-чарба жана мелиорация министрлиги алдындагы атайын фонд тарабынан атайын техниканы сатып алууга ьтендер жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгында «ТД Российская техника», ЖЧКсы жеңүүчү деп табылып, 13 млн 214 миң 690 сомго атайын техниканы жеткирүү боюнча келишим түзүлгөн.

Бирок аталган ЖЧК атайын техниканы 4 млн 795 миң 130 сомго жетишсиз алып келген.

Маалым болгондой, учурда «ТД Российская техника» ЖЧКсы ишмердүүлүгүн токтоткон.

Белгилей кетсек, УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын Жалал-Абад облусу боюнча материалдарынын негизинде Токтогул райондук прокуратурасы тарабынан КРнын Кылмыш кодексинин 166 (алдамчылык) жана 304-беренесине ылайык (кызматынан кыянат колдонуу» кылмыш иши козголду.

Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×