Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-июль
Ош облусу 11.11.2014 11:22

Ошто Сирия мамлекетиндеги куралдуу кагылышуу болуп жаткан жерге үй-бүлөсү менен чогуу кеткен факты аныкталды

Turmush -  Ош облусунун тургуну 1975-жылы 1-июлда туулган Каримов Икромжан Ибрагимович аялы 1990-жылы 2-сентябрда туулган Базарова Мияссар Алимжановнаны жана баласы 2011-жылы туулган Каримов Салохиддин Икрамовичти 2012-жылдын июнь айында өзү менен бирге Сирия мамлекетинде куралдуу кагылышуу болуп жаткан жерге кеткен.

ИИМдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, бул факт Ош ОИИБнин 10-бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 4-5-ноябрь күнү жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө аныкталды.

Бул боюнча чогултулган материалдар Ош ОИИБнын Кылмыш китепчесине 2014-жылдын 07-ноябрында №461 жана №462 саны менен катталып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×