Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-июль
Талас облусуКара-Буура району 11.11.2014 10:38

Кара-Буура районундагы Чоң-Кара-Буура айылында аялын өлтүргөнгө шектүү жаран кармалды

Turmush -  Кара-Буура районундагы Чоң-Кара-Буура айылында аялын өлтүргөнгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Талас ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 10-ноябрь күнү саат 04:20 чамасында Кара-Буура РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Чоң-Кара-Буура айылынын Маданият көчөсүндөгү №34 үйдүн тургуну 1964-жылкы Т.Кнын жансыз денесинин табылгандыгы маалымдалган.

Окуя болгон жерге Кара-Буура РИИБдин ыкчам тобу чыгып, ыкчам иликтөө иштерин жүргүзүүнүн натыйжасында каза болгон адам денесинен алган жаракаттан улам каза болгондугу аныкталды.

Маалым болгондой, аталган факт боюнча соттук-биологиялык иликтөө дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Бнлгилей кетсек, кылмыш ишине шектүү катары маркумдун жолдошу 1959-жылкы К.К., аттуу жаран кармалып, учурда сурак берүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×