Бөлүмдөр
Шаршемби, 25-апрель
Жалал-Абад

Адистердин кеңеши: Орусиядагы мигранттар жумушка орношуу үчүн патентке ээ болуусу керек

Turmush -  Орусия Федерациясында жумушка тартылган чет өлкөлүк жарандарга квота берүү механизми патент системасына алмаштырылды. Бул тууралуу «Адам укуктары боюнча эдвокаси борбордо» маалым болду.

Маалыматка ылайык, Мамлекеттик думада демилгени кабыл алуу сунушталды. Жумушчу мигранттарды тартуунун жаңы кадамын Мамлекеттик думанын конституциялык мыйзам жана мамлекеттик курулуш боюнча профилдик комитет колдоду.

«Патент Орусия Федерациясынын чек арасынан өтүүдө келүүсүнүн себебин миграциялык картада «жумуш» деп көрсөткөн жарандарга гана даярдалат. Чет өлкөлүк жаран патент алуу үчүн арызды өлкөгө киргенден кийин 30 күн аралыгында бериши керек. Мөөнөттөн өтүп кете турган болсо, патент берилбейт», - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле, мигрант патент алуу үчүн мурда соттолбогондугу жана жашай турган жеринин бар экендиги тууралуу тастыктама көрсөтүшү керек. Аны менен катар ыктыярдуу медициналык камсыздандырууга ээ болуп, патенттин баасында физикалык тараптын салыгын төлөшү керек.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 6199
Көп окулду
×