Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-июль
Ысык-Көл облусу, Каракол 10.11.2014 15:48

Караколдо милиция кызматкерлерине кыйноо, кызматынан кыянат пайдалануу беренелери боюнча кылмыш иши козголду

Turmush -  Караколдо милиция кызматкерлерине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Каракол шаарындагы «Вентус» укук коргоо уюмунун директору Камил Рузиев маалымдады, деп билдирет аймактык кабарчы.

Анын маалыматында, кылмыш иши адамды кыйноо жана кызматтык укугун ашыкча пайдалануу фактысы боюнча козголгон. «Мурда прокуратура кызматкерлери кылмыш курамынын жоктугуна шилтеме кылып, Каракол шаарынын 36 жаштагы тургуну Ишен Абдраевдин арызы боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартышкан. Ал жаран ИИБ жана шаардык милициянын кызматкерлери сабаганы жана зордоп жумуш иштеткени тууралуу дооматын билдирген. Кылмыш ишин козгоону токтотуу боюнча бүтүмдү көзөмөлдөө органы Абдрашевдин милиция кызматкерлерине эч кандай доом жок деген билдирүүсүнөн кийин чыгарган. Кийинчерээк кыйноолордун алдын алуу боюнча Улуттук борбордун кызматкерлеринин акыйкатчы институтунун кызматкерлери доо арыздан баш тартуу арызы кыйноонун жана коркутуулардын аркасында жаздырып алынганын аныкташкан.

Эскерте кетсек, Ишен 3-августа ИИБ милиция кызматкерлери тарабынан уюлдук телефон уурдоого шектүү деп кармалып, күч көрсөтүү аркылуу уурулук кылганы тууралуу түшүнүк жаздырып алышкан. Андан кийин милиция кызматкеринин үйүнө алып кетишип курулушка иштетишкен. Ишен ал үйдөн эки жолу качып, милиция кызматкерлери кайра кармап барып иштетишкен, деп маалымдашкан укук коргоо уюмунан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×