Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-июль
Чүй облусу, Кара-Балта 10.11.2014 13:58

Кара-Балтадан мурдагы кайын-журтунун үйүн талкалап, мурдагы аялы жана кайын атасын сабаган кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Turmush -  Кара-Балта шаарында Турба каймана аты менен таанымал кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Жайыл РИИБдин маалыматына ылайык, 8-сентябрь күнү Пионер көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде Турба аттуу адамдын терезелерди талкалап, ээсин сабап жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Окуя болгон жерге ыкчам иликтөө тобу барып, 1977-жылкы Т.Мирланды кармашкан. Дароо аныкталгандай, кармалган адам Бокушевдин кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү, бир нече ирет соттолгон жергиликтүү тургун болгон.

«Т.Мирлан мурдагы аялынын ата-энесинин үйүнө келип, мурдагы аялын жана анын атасын сабап, терезелерин сындырган. Жабыр тартуучулар травматология бөлүмүнө жеткирилди. Медициналык экспертизанын жыйынтыгы боюнча ал окуя болгон учурда мас абалында болгон», - деп билдирди Жайыл РИИБдин ыкчам иштер боюнча башчысы, милициянын подполковниги Азамат Молдокулов.

Маалым болгондой, аталган факт боюнча КРнын Кылмыш кодексинин 167-беренесине ылайык («Бейбаштык») кылмыш иши козголду.

Кармалган адам учурда убактылуу кармоочу жайда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×