Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-июль
Ысык-Көл облусу, Каракол 10.11.2014 12:17

Караколдо 2014-жылдын 9 айында 97 өрт кырсыгы катталып, 1 млн 709 миң сом зыян келтирилген

Turmush -  Каракол шаарында 2014-жылдын 9 айында 97 өрт кырсыгы катталып, андан келтирилген чыгым 1 млн 709 миң 382 сомду түздү. Бул тууралуу Каракол шаардык өрткө каршы кызматынан билдиришти, деп маалымдайт аймактык кабарчы.

Маалыматка ылайык, Каракол шаарында 9 айда 97 өрт кырсыгы катталып, анын натыйжасмында 2 адам каза болгон.

Каракол шаардык өрткө каршы кызматынын куткаруучулары 2 адамдын өмүрүн сактап калышкан.

Ошондой эле, шаардагы болуп өткөн өрт кырсыктары учүрунда куткаруучулар баардыгы болуп 12315 миң сомдук мүлктү сактап калууга жетишкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×