Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-июль
Чүй облусуАламүдүн району 07.11.2014 11:24

Аламүдүн райондук жаза аткаруу кызматынын жетекчинин орун басары М.Ибраимов изделүүдө

Turmush -  Чүй облусунун Аламүдүн районундагы түзөтүү мекемесинде өндүрүш иштери боюнча жетекчинин орун басары болуп иштеген Мутевали Ибраимов изделүүдө.

Ал быйыл 23-октябрдан бери дайынсыз жоголгонун, туугандарынын арызынын негизинде издөө жүрүп жатканын райондук Ички иштер бөлүмүнөн «Азаттыкка» билдиришти. Ибраимов Молдовановка айылындагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайрылган эмес.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы бул маалыматты тастыктады. Бирок Мутевали Ибраимов 11-ноябрга чейин эмгек өргүүсүндө болгондуктан, аны издөө чаралары көрүлө электигин билдиришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×