Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-июль
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 06.11.2014 15:05

Жалал-Абад шаарында «Хизб-ут-тахрир» уюмуна шектелген 61 адам бар

Turmush -  Жалал-Абад шаарында тыюу салынган «Хизб-ут-тахрир» уюмуна шектелген 61 адам каттоого алынган. Бул тууралуу бүгүн, 6-ноябрда Жалал-Абад мэриясында өткөн кеңейтилген жыйында айтылды.

Алардын ичинен экөө кыргыз, калганы өзбектер. Арасында 8 аял бар. Бирок, чыныгы турмушта өлкөнүн Жогорку Соту ишмердүүлүгүнө тыюу салган диний-экстремисттик «Хизб-ут-тахрир» партиясын жактагандар ага жашыруун мүчө болгондор, мында да көп болуусу ыктымал, деп айтылды жыйында.

Анда белгиленгендей, динге ишенген адамдардын арасында намаз окуудан чыккандан кийин ээнбаштык кылгандар, кылмыш жасагандар бар. Кылмыш жасап коюшуп айыбын жашыруу үчүн мечитке барып намаз окугандар бар.

Мындан тышкары, даватчылардын кийген кийимин иретке салуу керектиги баса белгиленди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×