Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Баткен облусу, Кызыл-Кыя 30.10.2014 13:26

Кызыл-Кыя шаарында күз мезгилиндеги сейилдөө (фото)

Turmush -  Күз. Базарларда жер-жемиштер мол болгон кез. Бул учурда шаардыктар кышка карата азык-түлүктөрдү камдап алуу менен алек. Бул учурда алтын түстүү куюлушкан түстөгү бак-дарактар, жалбырактардын төгүлүп түшүшү, асмандын өзгөчө көрүнүшү менен талыкпай суктанып, буттун алдындагы жалбырактардын шуудураганын угуп, сейилдөө ырахат тартуулайт.

«Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей,, Кызыл-Кыя шаары бардык мезгилдерде кооз. «Ким бул жердин суусун ичсе, аны эч качан унутпайт. Дайыма бул жерге тартылып турат», - дешет шаардын аксакалдары.

Буга ар башка жылдын мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн келиши далил боло алат. Алардын айрымдары кечээ жакында эле кеткен болсо, кээ бири көп жылдардан бери шаардан узакта.

Күз мезгилинин дагы бир символу — бул үйлөнүү үлпөт тойлору. Бул мезгилде азык-түлүктөр салыштырмалуу арзан баада болуп, той өткөрүү үчүн эң ыңгайлуу убакыт. Той көйнөгүн кийген келин бир эсе сууктан, бир эсе толкундануудан титиреп турса да сыр бербейт.

Белгилей кетсек, шаарда 1 айда 20дан ашуун үйлөнүү тоюу белгиленет.

30 10 2014_прогулки 1

30 10 2014_прогулки 2

30 10 2014_прогулки 3

30 10 2014_прогулки 4

30 10 2014_прогулки 5

30 10 2014_прогулки 6

30 10 2014_прогулки 7

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×