Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-июль
Ысык-Көл облусу 23.10.2014 14:59

Ысык-Көл облустук медициналык камсыздандыруу фондуна 9 адам кеңеш сурап кайрылган

Turmush -  Ысык-Көл облустук медициналык камсыздандыруу фондуна кайрылган жарандардын көйгөйү көңүл сыртында калбайт, деп билдиришет оорукананын жамааты. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Ысык-Көл облустук медициналык камсыздандыруу фондуна үстүбүздөгү жылдын 9 айында кайрылгандардын 79у кеңеш сурап кайрылган.

Алар кайрылган күндөрү токтоосуз толук жооптор, жана кеңештер берилип турду. Милдеттүү медициналык касыздандыруу полистери менен камсыздоо боюнча 34 кайрылуу боюнча полистин баасы, анын акыркы мөөнөтү жөнүндө маалымат кылынган.

Ооруканага жаткырууга жардам сурап кайрылуулардын 15 учуру болсо, анын 10 учурунда кардарларга жардам көрсөтүлгөн, 3 учуру боюнча кеңеш берилген, 2 учуру боюнча амбулатордук дарыланууга жиберилген. Дары менен камсыздоо маселесинде 19 кайрылуу болуп, 10 адам милдеттүү медициналык камсыздандыруу аркылуу жеңилдик берүү программасы менен дары дармек алышкан, адис дарыгерлерден кеңеш алууга 11 адамга жардам берилди.

Ар кандай маселелер боюнча аймактын жарандарынан келген 27 кайрылууга суроосуна жараша жооп берилген. Ошондой эле медициналык кызматкерлердин этикасы, кардарларга болгон мамилеси боюнча 6 кайрылуу, акча талап кылуу боюнча - 4, ыраазычылык билдирип кайрылуу боюнча - 4, медициналык жардам көрсөтүүнүн сапаты боюнча - 4, материалдык жардам сурап кайрылуу боюнча - 4 маселе каралып алардын баарысына тиешелүү жооптор берилип, чаралар көрүлгөн, дешет алар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×