Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-июль
Баткен облусу 23.10.2014 12:14

Вице-премьер-министр А.Маматалиев Баткенге иш сапары менен учуп кетти

Turmush -  Бүгүн, 23-октябрда КРнын вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиев Баткен облусуна учуп кетти. Аны менен кошо КРнын энергетика жана өнөр жай министрлигинин өкүлдөрү кетишти. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Иш сапардын негизги максаты болуп, күз-кыш мезгилине карата штабдардын иштерин текшерүү жана электр энергиясынын жаңы тариф саясаты жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү саналат.

Бийлик өкүлдөрү Кызыл-Кыя шаарында, андан кийин Баткен шаарында жергиликтүү активдердин жана айылдык кеңештин депутаттарынын катышуусунда штабдардын күз-кыш мезгилине карата даярдыктары боюнча отурум өткөрөт.

Иш сапардын алкагында, А.Маматалиевдин жана өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Баткен облусунун түзүлгөндүгүнүн 15 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференцияга катышуусу пландалды.

Иш сапар Баткен шаарында жылуулук мезгилине карата даярдык боюнча селектордук жыйын менен аяктайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×