Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-июль
Ош облусу, Ош 23.10.2014 11:56

Ошто Этностор аралык мамилелер боюнча мамагенттиктин кезектеги коллегиясында 9 айдын жыйынтыгы тууралуу маалымат угулат

Turmush -  Ош областтык мамлекеттик администрациясында бүгүн, 23-октябрда саат 16:00дөКР өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин кезектеги коллегиясы болот.

Мамлекеттик агенттиктин басма сөз кызматы билдиргендей, коллегиянын күн тартибиндеги каралуучу маселе КР президентинин 2013-жылдын 10-апрелиндеги №74 Жарлыгы менен бекиген Кыргыз Республикасынын элинин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо боюнча Концепциясын Ош областынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана райондук мамлекеттик администрациялары тарабынан аткарылуусунун 9 айынын жыйынтыгы жөнүндө маалымат угулмакчы.

Коллегиянын катышуучулары КР президентинин, КР өкмөтүнүн тиешелүү бөлүмдөрүнөн өкүлдөр ошондой эле, КР өкмөтүнүн Ош областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү, райондук мамлекеттик администрацияларынын башчылары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары жана областагы мекеме-уюмдардын жетекчилери катышмакчы.

9 айдын жыйынтыгы боюнча маалыматтын негизинде тиешелүү чечимдер кабыл алынып, тапшырмалар берилмекчи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×