Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-июль
Нарын облусу 23.10.2014 11:16

Казакстан 1 млрд кВт.саат электр энергиясын бербесе, чектөөлөр киргизилет, - Энергетика министрлигинин статс-катчысы Б.Баетов

Turmush -  Казакстан 1 миллиард кВт.саат электр энергиясын бербесе, чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу КРнын Энергетика жана өнөр-жай министрлигинин стат-катчысы Батыркул Баетов Нарын шаарында болуп өткөн атайын штабдык жыйын учурунда билдирди.

Анын айтымында, учурда Казакстандан 400 миллион кВт.саат электр энергия алууга сүйлөшүү болду.

«Биз аны кайра кайтарып беребиз. Буга кошумча 1 миллиард кВт.саат электр энергияны сатып алуу боюнча сүйлөшүү жүрүп жатат. Ал электрдин биздин чек арага келген баасы 3,50 тыйын болот. Аны ички баа менен эсептеп төлөөгө туура келет. Эгерде Казакстандан ушул бир миллиардды сатып албасак, анда түнкүсүн чектөө киргизгенге аргасыз болобуз», - деди Б.Баетов.

Жыйын учурунда экономика министри Темир Сариев энергосектордо абал оор, кырдаал курч экендигин билдирди.

«Мамлекеттин жана элдин алдында чоң сыноо турат. Чындыгында абал оор, кырдаал курч. Эки жылга чейин чыдоого туура келет. Андан кийин ушундай абалдан чыгабыз. Ага чейинки акыбалды айтсак, Тажикстан күнүнө 7-9 саатка чектөө киргизди. Түркмөнстан электр берели десе, Өзбекстан транзит кылуудан баш тартты. Болгону бир гана жолубуз бар. Ал Казакстандан гана электр энергия алуу. Ошондуктан, ал жактан кандай баа менен алсак, аны төлөөгө туура келет», - деди Т.Сариев

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×