Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-июль
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 23.10.2014 10:40

Базар-Коргондогу жергиликтүү кеңештин депутатынын 3 бээсин уурдаган кылмышкерлер эркиндикке чыгарылды, - ЖК депутаты М.Бакиров

Turmush -  Базар-Коргон районундагы жергиликтүү кеңештин депутатынын 3 бээсин уурдаган кылмышкерлерди эркиндикке чыгарып жиберишкен, деди Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакиров парламенттин бүгүн, 23-октябрдагы жыйынында.

Эл өкүлүнүн айтымында, ага Базар-Коргон районундагы жергиликтүү кеңештин депутатынан кайрылуу келген.

«Ал катта 2014-жылдын 4-апрелинде 3 бээсин уурдаткандыгын жазган. Күнөөлүүлөр кармалган, алар келтирилген 180 миң сом чыгымды төлөп беребиз деп айтышкан. Бирок, кийин алар эркиндикке чыгарылган жана чыгымды эч ким төлөп берген эмес», - деди депутат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×