Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Нарын облусуЖумгал району 20.10.2014 10:49

Айыл турмушу: Жумгал районунун Түгөл-Сай айылынын тургуну Э.Мамбеткадыров балык чарбасында 6-7 миң форель балыгын багат (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал районунун Түгөл-Сай айылынын тургуну Эсентур Мамбеткадыров шарттуу жерлерге балык каналарды куруп, иштетип келет.

Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдагандай, балык чарбасы Түгөл-Сай айыл аймагынын «Ак-Булак» деген коктучада жайгашкан.

Анда дээрлик 4 сотыйдай жер тилкеси казылып, ортолору цементтелип үчкө бөлүнгөн. Атайын тосмолонгон биринчи көлмөгө топтолгон суу түтүк аркылуу экинчи көлмөгө куюлуп турат, кыймыл аракеттеги суу үчүнчү көлмөгө өтүп, андан сыртка карай агып турат.

Тосмолорду аралап баскан маалда ары-бери тынымсыз тыбырчалаган балыктарды көрүүгө болот.

«Бул жер бош жаткан эле аймак болчу. Негизи булак гана агып турчу. Үч жыл мурда булактын көздөрүн тазалап, ушул эки көлмөнү жасап чыктык. Азырынча кеткен чыгым актала элек. Буюрса, эмдики жылдан баштап киреше менен иштейбиз деп турабыз», - дейт Э.Мамбеткадыров.

Анын айтымында, учурда бул балык чарбасында 6-7 миң форель балыгы бар. Аларда берилүүчү жемдер Бишкектен алынып келинет.

«Балыктардын санын дагы көбөйтсөк деген ниетибиз бар. Учурда балыктардын 1 кг 450 сомдон сатып баштадык. Эми чынында мурда балык багып көрбөгөндөн кийин кыйынчылыктар болууда. Буюрса үйрөнүп калдык», - деп кошумчалады ал.

Мындан тышкары, Эсентур Мамбеткадыров балык көбөйтүүдөн башка дагы мал чарбачылыгы менен да алектенет.

9

8

11

10

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×