Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 17.10.2014 19:04

Базар-Коргондогу Арстанбап айыл аймагынын эли чет өлкөлүк туристтерге жыгачтан жасалган сувенирлерди жасап сатышат (фото)

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Арстанбап айыл аймагына чет өлкөлөрдөн жана ошондой эле Кыргызстандын булуң бурчунан көптөгөн туристтер эс алууга келишет.

Аталган айылдын тургуну Кочкор Мусакулов билдиргендей, келген элди тейлөө максатында кол өнөрчүлөр туристтерге жыгачтан жасалган сувенирлерди жасап сатышып, туризмден түшкөн акча каражаты менен үй-бүлөлөрүн багышат. Ар бир кол өнөрчү бир сезондо 70-80 миң сомго чейин акча табышып, өздөрүнүн үй-бүлөлүк бюджетине салым кошушат.

К.Мусакулов билдиргендей, өзү да кол өнөрчүлүк менен алектененет.

17 10 2014_арсланбап 1

17 10 2014_арсланбап 2

17 10 2014_арсланбап 3

17 10 2014_арсланбап 4

17 10 2014_арсланбап 5

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×