Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Ош облусуАлай району 15.10.2014 11:05

Алайда айылдык мугалимдин жаңы эмгегинин бет ачары болду (фото)

Turmush -  Ош облусунун Алай районундагы Чий-Талаа мектебинде айылдык мугалим Нуркыз Абдыкеримованын жаңы китебинин бет ачары болду. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Н.Абдыкеримова алыскы бийик тоолуу Чий-Талаа айылынын мектебинде 16 жылдан бери кыргыз тили жана адабияты сабыганан берип келет. Анын «Күмүш булак» аттуу ырлар жыйнагы Бишкек шаарынан чыгарылды. Анын бет ачарында окуучулар менен катар автордун көркөм окуусунда жаңы ырлар жаңырды. Айыл тургундары менен катар мектеп жамааты Н.Абдыкеримованын эмгегин баалап, жакшы чыгармачыл ийгилик каалашты.

Белгилей кетсек, Н.Абдыкеримова быйыл, 2014-жылы кыргыз тилин ийгиликтүү окуткандыгы жана кыргыз тилинин өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төш белгиси менен сыйланган.

Б 1

Б 2

Б 3

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×