Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Жалал-Абад облусуНоокен району 14.10.2014 15:46

Айыл турмушу: Ноокен районунун жашоочусу үйүндө бактардын жана мөмө жемиштердин 15 түрүн өстүрөт (фото)

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Ноокен айылынын жашоочусу Салижан Закиров үй-бүлөсү менен мөмө жемиштердин жана декаративдүү бактардын 15 түрүн өстүрүп келет. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Анын огородунда учурда курманын багы өсөт жана ал мөмө байлап келет, ошондой эле бадам жана мисте бадалдары өсөт, мындан тышкары кытайлык кара розалар, кактустар өсөт. Булардын баарын С.Закиров өзү отургузган.

Ал эми күнөсканада жердин алдында банандын бактары өсөт, аларга 3-4 жыл болду, анын бийиктиги 3-4 метрди түзөт. Бнандан тышкары укроп, бадыраңдар гүлүн ачып, ушул жылдын ноябрь же декабрь айларында түшүм берет. Андан тышкары лимон дагы өстүрүлөт.

Былтыркы кыш айында отургузулган помидорлор жаз айында түшүмүн берип, алар Кочкор-Ата огородунун базарларында жана Ноокен районунун Масы айылында бир килограммы 120 сомдон сатылды.

Салижан Закиров азыркы учурда Ноокен айыл башкармалыгынын Курулуш айылындагы жашоочуга жаңы күнөскана даярдоого жардам берүүдө.

А 1

А 2

А 3

А 4

А 4

А 5

А 6

А 6

А 7

А 8

А 8

А 9

А 10

А 11

А 12

А 12

А 13

А 14

А 14

А 15

А 16

А 16

А 17

А 18

А 18

А 19

А 20

А 20

А 21

А 22

 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×