Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Талас облусуКара-Буура району 14.10.2014 15:22

Кара-Буурадагы Кызыл-Адыр айылынын Т.Айтмамбетов атындагы орто мектебинде окуучулар тигүүчүлүк кесибине да үйрөтүлөт

Turmush -  Талас облусунун Кара-Буура районуна караштуу Кызыл-Адыр айылындагы Тилемиш Айтмамбетов атындагы орто мектеп 1973-1974- окуу жылдарында курулуп бүтүп, пайдаланууга берилген. Андан бери 40 жыл өтүптүр. “Сыр аяктын сыры кетсе да сыны кетпейт” дегендей, имараттын сырт келбети жупуну ремонт жасалганы менен архитектуралык жактан өзгөчөлүү, сапаттуу болгондуктан, айылдагы көрктүүжайлардын катарына кирет.

Мектептин кесиптик окутуу классы ачылган ыптасында жүргүзүлгөн ремонт иштери жөндүү адамдардын колунан өткөндүгү дароо көзгө урунду. Тигүүчүлөрдү үйрөтүү классына 8 машинка коюлган. Ар биринде кыздар иштеп жатышат. Албетте, булар кесипкөй эмес. Азырынча үйрөнчүк гана. Буюрса, окуу жылынын соңунда аттестат менен бирге тигүүчүлүк өнөрдүн сертификатын кошо алышат. Мындай сертификаттар Кыргызстанда жеңил өнөр жайы өнүгүп, ага кызыгуулар көбөйгөн бүгүнкү күндөрдө КМШ өлкөлөрүндө жарактуулугу менен да баалуу.

Кесиптик окутуу класстарын уюштуруу Жоон-Төбөдөгү №13-кесиптик лицейдин, райондук билим берүү бөлүмүнүн жана мектеп жамаатынын биргелешкен аракеттеринин натыйжасы. Жаңы саамалыктын ачылыш аземинде адегенде мектеп директору А. Шерматова сөз сүйлөп, мына ушул түйшүктүү иштер тууралу кыскача айтып берди. Андан кийин КР Өкмөтүнүн Талас облусу боюнча ыйгарым укуктуу Өкүлүнүн орун басары Р. Ботиков, райондук мамлекеттик бийликтин башчысы Ч. Төрөкулов, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Б. Калыбаев, эмгек ардагери К. Бакирова жана башкалар кесиптик окутуунун келечеги тууралуу ар тараптуу ой-пикирлерин ортого салышты.

Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин алдындагы кесиптик-техникалык окуу жайлар агенттигинин директору Таалайбек Чолпонкулов өз сөзүндө мындай мүмкүнчүлүк дайыма эле боло бербестигин айтып, мектеп жамаатын жана айылдаштарын саамалыкты натыйжалуу колдоого чакырды. Мындай иштер башка мектептерде колдоого алынса, аларга да мамлекет тарабынан жардам көрсөтүүлөр болоорун расмий түрдө билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×