Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Талас облусуМанас району 14.10.2014 15:13

«Бул жерде кооптонуп жашоого жана иштөөгө эч кандай негиз жок», - Кызыл-Адыр айылынын тургуну, түрк ишкер Хален мырза

Turmush -  Талас облусунун Кызыл-Адыр айылында кытайлык ишкерлер «Ак Ордо» мал базарында иштеп жаткан Рахим Байсабаевдин төө буурчакты тазалоочу чакан ишканасынын иши менен да таанышышты.

Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, кытайлыктарды ал жердеги түрк ишкерлеринин жашлл шарттары көбүрөөк кызыктырып, суроолордун көбү турмуш-тиричилик туурасында болду.

Аларга жооп иретинде түрк ишкер Хален мырза өзүнүн мында келгендигине бир кыйла болгондугун, азыр жергиликтүүдостору көбөйүп бараткандыгын айтып берди.

«Бул жерде кооптонуп жашоого жана иштөөгө эч кандай негиз жок», - деди ал ишенимдүү.

«Кызыл-Адырда ондон ашуун улуттун өкүлдөрүжашайт. Жүздөгөн жылдар илгери келип отурукташып калгандары да арбын. Кыргыздар меймандос келишет экен. Келген конокторун улагадан эле нан-туз менен утурлап, тосуп алаарын ушул жерден көрдүм. Нан менен туздан ыйык дагы эмне бар», - дейт Хален мырза.

Белгилей кетсек, келген кытайлык фирманын өкүлдөрү тамчылатып сугарууда колдонуучу каражаттарды чыгарууга адистешишкен.

Былтыртан бери көп сөз болуп келаткан тамчылатып сугаруунун келечеги чоң экендиги ырас. Майда дыйкан чарбаларга бөлүнгөн биздин шарттарда суу көйгөйү жеңилдеп, аянттарды отоо чөптөр баспай калат. Жер семирткичтерди сатып алууга кеткен чыгымдар да кескин азайгандыктан бул ыкма абдан маанилүү.

Тамчылатып сугаруу ыкмасы жаңылык болгондуктан бир катар дыйкан-фермерлер азырынча эртеңине толук ищене албай, аны колдонуудан сактанып турушкандай. Эгемендиктин алгачкы жылдарында жерди үлүшкө бөлүп жатканда да дал ушундай сактануулар болгон. Атүгүл үлүш катары алган жерлерин кайра ортолукка өткөрүп жиберип, азыркыга чейин өкүнгөндөр кездешет. Бул багыттан алып караганда, тамчылатып сугарууга тобокел деп киришүүнүн зарылдыгы бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×