Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Нарын облусуАк-Талаа району 13.10.2014 18:24

Айыл турмушу: Ак-Талаа районунда эки жубай биринчи жолу гамбургер жасоочу цех ачып, учурда тиричилик кылып жатышат (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунун борбору Баетов айылынын тургуну Калматов Максатбек райондо биринчи жолу гамбургер жасап ишкерлик кылат. Бул адам жасаган гамбургерлерди райондун баардык айыл аймактарынан алдыртып кетишет. Бул туурасында Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Аты аталган мырза жана анын жубайы Жунушбекова Айнура райондо биринчи жолу гамбургер жасап, аны сатышып оокат кылышат. Гамбургер жасай турчу жабдыкты 1500 сомго сатып келип бош турган кичинекей имаратты ижарага алышып, гамбургерден сырткары самсы, пирожки, чай, кофе кылышып, тез тамактануучу жай ачып алышкан. Атына затын жараштырып, чакан жайынын ысымын «Тез татым» деп аташкан. Көбүнчөсү мекеме-ишканада иштегендер келип түштөнүшөт. Андан сырткары райондун алыскы айылдарынан гамбургерди алдыртышат. Бир күндө 40-50 гамбургер жасашып, баасын 60 сомон сатышат.

«Намаз окуган жубайлар, мындан көп же чоңураак жайга жайгашып, көбүрөөк жасап сатууга деле күчтөрү жетет. Бирок, кудайга шүгүр деп оокат кылышат. Ушул кичинекей тамактануучу жайынан түшкөн каражат менен балдарын багып, эч кимден жумуш сурабай күн кечирип келишет. Албетте пайда жакшы эле түшөт дейт», - жубайлар.

IMG_0270

IMG_0271

IMG_0272

IMG_0274

IMG_0276

IMG_0277

IMG_0279

IMG_0282

IMG_0283

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×