Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Ысык-Көл облусу 13.10.2014 17:46

Кара-Көлдө 8 социалдык кызматкер жумасына 2 жолу жалгыз жашаган карылардыкына барып, жардамдашышат (фото)

Turmush -  Жалал-Абад облусундагы Кара-Кол шаарынын социалдык башкармалыгында 8 социалдык кызматчы иштейт. Бул кызматчылар жумасына эки жолу каттоодо турган жардамга муктаж карыялардын уйуно барып, жардам беришет.

«Бугун 73 жашта, Ак Кыя айылында жашаган Нурбанова Шаршенбүбү эненин үйүнө барам. Жалгыз жашаган же ооругандыгына байланыштуу кыймылдай албаган карыялардын үйүнө барып, эмне жумуш керек болсо ошол жумушун аткарып, жардам беребиз», - деп белгиледи социалдык кызматкер Зиякан Молдошева.

«Мен алты баланын энеси болдум, бирок төртөө чарчап калды. Азыр 2 кызым бар, бирөөнүн 8 баласы болгондуктан колу бошобойт, ал эми экинчи кызым өзү менен өзү. Пенсиямды почточу алып келет, анан бир жумада 2 жолу социалдык кызматчылар келип кетет. Бүгүн да, үйүмдү шыпырып, суу ташып берип кой садагам», - деп кайрылды Шаршенбүбү эне.

Соңунда Шаршенбүбү эне социалдык кызматкерлерге батасын берип, жакшы тилектерин айтуу менен узатты.

20141010_120743

20141010_120749

20141010_114615

20141010_115422

20141010_114914

20141010_114819

20141010_114533

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×