Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Жалал-Абад облусуНоокен району 13.10.2014 16:23

Айыл турмушу: Ноокен районунда мугалим болуп иштеген Ж.Карагулов жаңгактан жана өрүктөн комуз жасап, музыкалык аспаптарды оңдойт (фото)

Turmush -  Жалал-Абад шаарындагы Барпы Алыкулов атындагы маданият техникумунда мугалим жана уста болуп иштеген Жумагул Карагулов Ноокен районуна караштуу Ноокен айылындагы өз үйүндө кыргыздын жана орустун музыкалык аспаптарын оңдойт. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Маалыматка ылайык, Жумагул андан сырткары жаңгактан жана өрүктөн комуз чабат, комузду жана орустун музыкалык аккердеон, баян, мандолина өңдүү аспаптарын да оңдоп, аларды күүгө салат, комуз чертип, аккордеон, баян, мандолинада ээн-эркин ойногон көп кырдуу таланттардын бири.

Ж.Карагулов комузчулукту атасынан үйрөнгөн. Орто мектепти бүткөндөн кийин Ош шаарындагы музыкалык окуу жайды аяктап, Майлуу-Суу шаарындагы «Назик» эстрадалык тобунда ойноп, кезегинде «Студенттик жаз -80» фестивалынын лауреаты болгон.

Ал маданият тармагында үзүрлүү эмгеги үчүн «Кыргыз Республикасынын маданиятынын отличниги» төш белгиси жана Ноокен райондук администрациясы менен Жалал-Абад облустук администрациясынын Ардак грамоталары менен сыйланган.

7

6

5

4

3

2

1

 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×