Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Баткен облусуБаткен району 13.10.2014 10:38

Айыл турмушу: Баткен районунун Ак-Сай айыл округундагы малчылар тоютту үнүмдөө үчүн малды жайлоодо кеч күзгө чейин кармашат (фото)

Turmush -  Баткен районунун Аксай айыл аймагынын малчылары Кишемиш жайлоосунан кеч кайтышууда.

Аталган айылдын тургуну Торо Ноорузовдун билдиргендей, мал жандыктарын кыш түшкүчө жем чөп бербей жайлоолордо узакка кармоо тоютка үнөм болот.

Анын айтымында, ал 50 кой кармайт. Алар үчүн тоют сатып алууга 10 койду сатууга туура келет.

«Ошондуктан, малды биз кеч күчгө чейин кармоого аракет кылабыз», - дейт ал.

Жергиликтүү жашоочулар белгилегендей, Баткен районунда эчки жандыктарын багуу пайдалуу. Ысык аба ырайын жана бадалдуу өрөөндү жактырган мал жандыктын бул түрүн өстүргөндөр тыбытын сатып да көп киреше тапса болот.

«Эчкини багууда өзүнө жараша түйшүгү да бар. Ошондуктан аларды сууктан сактоо, өз учурунда дарылап туруу өзгөчө маанилүү», - дейт Баткен районунун Актатыр айлынын тургуну Рахматилла Жумабаев.

9

8

6

5

4

3

7

3

1

2

10

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×