Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 10.10.2014 10:40

Кара-Көлдө Майрам аттуу таланттуу дюймовочка аял жашайт (фото)

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында Майрам аттуу жападан жалгыз дюймовочка (жыйырма үч миллиметрге барабар узундук өлчөөсү) аял жашайт. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Маалым болгондой, 48 жаштагы Майрам Курманалиева 2-топтогу майып жана Кара-Көл шаарында төрөлүп, өскөн.

Анын айтымында, ата-энеси узун бойлуу келип, 6 балалуу болушкан. Алардын үчөөнүн бою өспөй калса, үчөөнүн ден-соолугу чың. Анын ата-энеси жана 3 бир тууганы кайтыш болуп кеткен.

Жакында эле Майрам турмушка чыкты. Ал Советтер мезгилинде «Достук» заводунда текшерүүчү болуп иштесе, учурда аталган уюмда кароолчу болуп эмгектенет.

Белгилей кетсек, ал Кара-Көл шаарында Т.Сарпашев 2001-жылы депутат кезинде белек кылган 1 бөлмөлүү батирде жашайт. Ал бою менен гана эмес, бийлөө өнөрү менен да уникалдуу адам. Былтыр Жалал-Абад шаарында Майыптар күнүнө карата өткөн иш-чарада Майрам Курманалиева индиялыктардын бийин бийлеп, 1-орунду ээлеген.

Мындан тышкары, дюймовочка кыргыз, лөлү, чыгыш жана ламбада бийлерин бийлеп келет. Ал бийлерди өзү коет, ал эми тиешелүү кийимдерди алып берүүгө кээде жергиликтүү бийлик өкүлдөрү көмөк көрсөтөт.

20141009_141603

20141009_141700

20141009_141400

20141009_133743

20141009_141347

20141009_141623

20141009_133801

20141009_133909

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×