Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 08.10.2014 13:29

Айыл турмушу: Базар-Коргондогу Акман айылынын тургуну Э.Абдувалиев 200 миң сомго картошка уругун эгип, 25 тонна түшүм алды

Turmush -  Базар-Коргон районуна караштуу Акман айыл аймагынын тургуну, жаш ишкер Эламан Абдувалиев 1,5 га сугат жерге картошка эгип, андан 25 тонна түшүм алган.

Дыйкандын айтымында, 2014-жылдын март айында банктан мал чарбасын өнүктүрүү максатында 400 миң сом жеңилдетилген 10%дык насыя алып, 30 баш балалуу койду Базар-Коргон мал базарынан сатып алат.

20 коюн июнь айынын башында семирген убакта сатып, 4 тонна урук картошканы 50 сомдон 200 миң сомго алып, 1,5 га сугат жерге эгип, 25 тонна түшүм алган.

Э.Абдувалиевдин айтымында, учурда картошкасын 25-30 сомдон өткөрүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×