Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 04.10.2014 17:26

Жалал-Абаддын токой чарбаларында өстүрүлгөн жаңгактар негизинен Түркия жана арабмамлекеттерине сатылат (фото)

Turmush -  Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон району тоолуу район болгондуктан жаңгак токойлор жыш жайгашкан. Базар-Коргон районунда жалпысынан алты токой чарбасы бар. Алар Арстанбап 17296 га, Кызыл-Үңкүр 53185 га, Ачы 15173 га жана Каба 5334 га токой чарбалары, Көк-Алма 3937 га, Жай-Терек 8782 га аянтты ээлеген токойчулуктары жана Дашман мамлекеттик жаратылыш аймагы болуп эсептелет.

Маалым болгондой, райондун социалдык-экономикалык өнүгүү маселелерин чечүүдө токой чарбалардагы мөмө-жемиштерди кайра иштетуучу заводдорду ачуу учурдун талабы.

Белгилей кетсек, мында өстүрүлгөн жаңгактын 1 килосунун баасы 90-100 сомго бааланып, бир адам 30-40 кило жаңгак терүүдө.
Кошумчалай кетсек, аталган токой чарбалардын директорлору келишимдин негизинде жаңгак аянттарын элдерге ижарага беришкен. Ал эми, ижара акысы түшүмгө жараша төлөнмөкчү.

Токой чарбаларында өстүрүлгөн жаңгактарды негизинен Түркия жана Араб мамлекеттеринен келген ишкерлер келишим баада алып кетишүүдө.

А 1

А 2

А 3

А 4

А 5

А 6

А 7

А 8

А 9

А 10

А 11

А 12

А 13

А 14

А 15

А 16

А 17

А 18

А 19

А 20

А 21

А 22

А 23

А 24

Фото Turmush

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×