Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Ысык-Көл облусу 22.09.2014 14:40

Айыл турмушу: 80-жылдары Ысык-Көлдөн Жапон өлкөсүнө 1000 тоннадан бал жөнөтүлчү, - балчылар коомунун төрагасы

Turmush -  Союз убагында Ысык-Көл облусунун бал челекчилери жыл сайын 1000 тоннадан ашык бал өндүрүшчү. 80-жылдары Ысык-Көл облусунан Жапон өлкөсүнө 1000 тоннадан бал жөнөтүлчү. Онго жакын бал өндүрүүчү чарбалардын ар бири 100гө чейин бал челектерди кармоочу. Ал кезде бал челекчилер да көп эле. 2500 бал өндүрүүчүлөр иштечү.

Ысык-Көл облустук бал өндүрүүчүлөр коомунун төрагасы Аскат Галиевдин айтымында, азыр бал менен алектенгендер аз, көбү Орусияга кетип калышты. Ага кошумча болуп, өндүрүлгөн азыкты сата турган жер жок. Чет мамлекетке чыгуу татаалдашып калды.

«Өткөн жылы Казакстанга сатыкка чыгарууга бажы аркылуу өтүүгө уруксатты өзүбүз казак өкмөтүнө кирип атып алганбыз. Ошондо да облус боюнча чет мамлекеттерге араң 200 тонна бал саттык. А биздин облуста жылына 800 тонна бал өндүрүүгө мүмкүнчүлүк бар. Айыл чарба азык-түлүктөрүн импорттоону жөнгө салып берсе деген өтүнүч менен бийликке азыр да кайрылып жатабыз,бирок азырынча натыйжа чыга элек», - дейт ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×