Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-январь
69.34    85.18    1.23    KZT 0.21
Ош

Адистер кеңеши: Ош шаарынын мэриясы эскертет: жылуулуктун альтернативдик булактарын даярдоо керек

Turmush -  Кышка карата болгон даярдыкта баардык мекемелер, иш-каналар, турак-жайлар жылуулуктун альтернативдик булактарын даярдоо керек.

1. Көп кабаттуу үйлөрдүн тургундары:

- үйдүн ичиндеги жылуулук системаларын оңдоп текшерүү - Батирлердин жана подъезддердин терезелерин жылуулоо

- үйдүн ичиндеги жылуулук батареяларын оңдоп текшерүү

2. Жер үйлөрдүн тургундары:

- Жылуулук мештеринин тутукторун тазалап оңдоо

- Эшик жана терезелерди жылуулоо

- Жетиштүү көмүр менен отун даярдоо

Шаарда көмүрдү сатып алуу үчүн 15 пункт уюштурулган. Мындан сырткары Аймактык кеңеш аркылуу калктын арызынын негизинде шаар ичи боюнча 1 кг/4 сомдон көмүр жеткирип берүү уюштурулган.

Суютулган газ: Ош шаарында суютулган газ менен баллондорду толуктап сатуу боюнча 15 туруктуу точка иш алып барууда.

Толук маалыматты жашаган жердин Аймактык кеңешинен же (3222) 5-53-64 телефонуна кайрылып алса болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 7465
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×