Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Ош облусуНоокат району 16.09.2014 11:13

Айыл турмушу: Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн бир күндүк иши (фото)

Turmush -  Turmush басылмасынын кабарчысы Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн бир күндүк иши менен таанышып келди.

Ош облусунун Ноокат районуна биз барган учурда жума күнү экен? ал күнү жумуш күнү дене тарбиялык сабактан башталат экен. Аптасына эки ирет дене тарбия өткөрүлөт экен шейшемби жана жума күндөрү.

P9120099

Саат 7:30дан 9:30га чейин дене тарбия сабагы андан соң өздүк курамды жумушка бөлүштүрүү, нарядка тургандарга нускаманы бөлүм башчысы милициянын полковниги Боронов Мурат Самидинович өзү өткөрүп, өздүк курамды ИИМдин буйруктарын так аткарууга мыйзам бузууга жол бербестен жарандардын укутарын жеке коопсуздугун сактоодо бир суткалык жоопкерчиликти так аткарууну талап кылды.

P9120106

Начальник развод өтүп жаткан учурда кылмышкерлерди издөө тобу мал уурулук кылып издөөдө жүргөн жаранды кармагандыгы тураалуу маалымат түштү, дароо кылмышкерди кармоо учуруна күбө болдук. Ал кылмышкерди кармап келген учурда РИИБнин убактылуу кармоочу жайында кармалып олтурган эки кылмышка шектүү жаранды ден соолугун медициналык кароодон өткөрүп текшергени алып бара жатышкан кызматкерлерге туш болдук. Алар ар бир кармалган жаранды ушундай текшерүүдөн өткөрөөрүн айтышты. Себеби милиция тарабынан кыйноого алынды деген жалган жалаадан оолак боруу үчүн убактылуу кармоочу жайга кирээрден мурда медициналык кароодон өткөрүп, андан соң убактылуу кармоочу жайга кабыл алынаарын айтышты. Себеби адам укугу бузулбашы үчүн ушундай тартип талап кылынат экен.

P9120121

РИИБнин имаратына кирип бара жатканыбызда Зулпуев айыл округуна караштуу Көтөрмө айылынын жашоочулары эгин талаанын чак ортосунда жайгашкан эски шыйпандын ордунда Айчүрөк аттуу жаран мыйзамсыз спирт ичимдигин сатып, жеңил ойлуу кыздарды алып келип айланадагы дыйкандардын тынчын алып жаткандыгы боюнча арыз түшкөндүгүн кабарлашты. Дароо ал жакка аталган айылдын милициянын участкалык инспекторлору менен биргеликте аталган жерге бардык. Ал жер райондун күн батыш тарабында райондун борборунан 15 чакырым алыстыкта Кыргыз-Ата айылдык округунун аймагы менен чектешет экен. Ал жерге барып келүү үчүн милициянын айылдык инспекторлору күйүүчү майды жанынан акча кетирип куйгандыгы кызыктырды. Бир күндө мындай чакыруулар болбоду дегенде үч-төрт жолу болоорун, ар бир чакырыкка өздөрүнүн жанынан күйүүчү май куюша тургандыктарын айтышты. Чындыгында териштирип келгенде күйүүчү майга кызматтык автоунаалар үчүн күнүнө 33 л бөлүнөөрү белгилүү болду.

P9120137

Заматта аталган жайга да жеттик. Чындыгында мыйзамсыз спирт ичимдигин сатып жаткандыгы такталып, спирт ичмдиктери тартылып алынып, райондук салык кызматына өткөрүлүп берилди. Мыйзамдын талаптарына баш ийбей милиция кызматкерине кол көтөрүп, зөөкүрлүк аракеттерин жасагандыгы үчүн Айчүрөк аттуу аял РИИБнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ал жерде териштирүү саат 17:30га чейин уланды.

DSC01004

Ал жерде турган кезде Ноокат районунун борборундагы базарда эки аял уруша кеткендиги туураалуу кабар түштү. Аларды териштирүү үчүн райондун борборунда жайгашкан милиция бөлүмүнүн аймактык участкалык инспекторлору келишти. Териштирүү жүрүп жаты.

ьство конфликта.

P9120122

Ошол учурда Жаңы-Ноокат айыл округунда чоочун киши жүрөт деген маалымат түштү. Ал жерге барсак, орус улутундагы жаран автоунаасы менен кире кылып, барган жарандын жүгүн жеткирип келгендиги белгилүү болду. Аны менен жеке маектешип, аты-жөнүн, автоунаасынын мамлекеттик белгисин жазып калып, ал жаранды коё берди.

DSC01003

Ошентип Ноокат РИИБнин бир күндүк жумуш күнү менен таанышабыз деп барып милициянын эки айылдык бөлүмүнүн иши менен тааныштырганга араң эле жетиштик.

Иш андан ары уланды. Бир суткада райондун аймагында 8ден 10го чейин кылмыш иши катталат экен. Ошентип биздин иш сапар аяктап кайттык. Ал эми аталган РИИБнин жумушу андан ары уланды….

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×