Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Баткен облусу, Баткен 12.09.2014 12:50

Баткенде 73 жашар мекенчил карыя шаардын тазалыгы жана көрктүүлүгү үчүн бекер кызмат кылып келет (фото)

Turmush -  Баткен шаарынын 73 жаштагы тургуну Нишанбай Матисаев шаардын тазалыгы жана көркөтүүлүгү үчүн бекер кызмат кылып келет.

Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, ал шаардык мэриянын имаратында күзөтчү болуп эмгектенет.

Ал эми, бош убактысында шаардагы бак-дарактардын ашыкча бутактарын кыркып, арыктарды тазалап, көчөдөгү таштандыларды чыгарып турат.

Белгилей кетсек, бул эмгеги үчүн ага эч ким акы төлөбөйт. Бирок тазалыкты сүйгөн карыя ар дайым шаардын тазалыгы үчүн кам көрүп келет.

«Тазалык өз үйүбүздө гана эмес, биз жана балдарыбыз жашаган, күнүгө басып, эс алып жүргөн шаарыбызда да болушу керек», - дейт мекенчил карыя.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×