Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Ысык-Көл облусу 04.09.2014 13:44

Айыл турмушу: Бал челекчинин жашоосунан бир күн (фото)

Turmush -  Бал челекчи Матвей Могуевдин күнү бир чыны чай же күчтүү кофе ичүү менен башталат. Себеби жумуш күн оор түйшүктө өтөт. Баардыгы даяр болгон бал челекчи шаар сыртында гүл жайнаган талаада жайгашкан бал челектерине жөнөйт.

Азыр Матвейдин бал челектеринде 50 аары үй-бүлөлөрү менен жашайт башкача айтканда, 50 бал челеги бар. Алардын ар биринде 20дан 100 миңге чейин аарылар жашашат. Жай мезгилинде аарылар көп иштегендиктен 30 күн эле жашашат кыш мезгилинде жумуш жок болгондуктан аарылардын жашоосу 3 айга чейин уланат. Кышында аарылар бир чоң топко биригип бири-бирин жылытып жашашат. Буга кошумча бал челекчилер алардын сыртынан да жылуулашат. Аарылар эч качан укташпайт.

«Аары кышында таза бал менен тамактанат. Жайкы мезгилде негизинен балчылар берген шекер суюктугу менен азыктанышат. Ошондуктана биз аарылар жайында таза балын жеп койбошу үчүн шекер суюктугун берип турабыз», - дейт Матвей.

Балчы буга кошумча аары өз үйүнөн 3 чакырым аралыка чейин учуп азык издесе бул пайдалуу учуу деп аталаарын, эгер андан ашык учуп кетсе аары чогулткан балын жеп койорун эскертти.

Балчынын бул жумуш менен алектенгенине 7 жылдан ашты. Бул мезгил аралыгында ал өз жумушунун чыныгы адиси болуп калды. Бул жумуш ага атасынан калган. «Балчылык татаал жумуш. Аарыларга дайыма камкордук көрүп туруш керек», - дейт балчы.

Матвей аарыларын кечинде гана азыктандырат. Аары күндүз учуп жүргөн маалда азыктандырса бири-бирин тоноп, азыгын талашып, жакшы жыйынтык болбой тургандыгын эскертет.

Аарылардын үйүн ачыш үчүн атайын түтүн менен коркутат. Аарылар түтүндөн коркуп кишиге кол салышпайт.

Балчынын айтымында, аарылардын да оорусу болот жана убагында дарылап турбаса өлүп калуулары мүмкүн.

«Бир жылда 50 үйбүлөөдөн 4 тоннага чейин бал алууга болот. Бул үчүн жабдуу да бар. Сапаттуу бал атайын шартта 100 жылга чейин сакталышы мүмкүн», - дейт балчы.

Матвей жубайы Наталья менен Василина жана Карина аттуу эки кызын тарбиялап келет. Ал балчылык кесип менен бүт өмүрүн өткөрүүнү максат кылып койгон.

ПАСЕКА

МЕД

РАМКА С ПЧЕЛАМИ

МЕДОГОНКА

УЛИЙ1

ДЫМАРЬ

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×