Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Талас облусуТалас району 30.08.2014 15:41

Фоторепортаж -Таластагы Кууганды айыл аймагы да кургакчылыкка туш болду

Turmush -  Талас облусуна караштуу Талас районунун 470 тей түтүн жашаган Кууганды айыл аймагы Талас-Чөңөр ашуусунун алкымындагы тоо этегинде жайгашкан. Айылга Тегерек, Кууганды, Чөңөр өзөндөрүнөн суу агып түшүп, элдин сууга болгон муктаждыгын канааттандырып келген.

Быйылкы кургакчылыкта бул 3 өзөн да куурап калды. Эгилген картошка, төө буурчак, буудай, арпа сугарылбай, эл көп чыгымга учурады.

Дыйкандар жергиликтүү депутаттардан жер салыгы жана суу акысын алып салуу маселесин суранышууда.

Аны менен катар, айыл эли кургакчылыкты утурумдуу көйгөй деп эсептейт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×