Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Нарын облусуНарын району 08.08.2014 13:58

Айыл турмушу: Ак-Сай жайлоосундагы 77 жаштагы Нурбүбү эне 13 баланын энеси жана 1,5 миң малы менен бай атка конгон (фоторепортаж)

Turmush -  Нарын районуна караштуу Ак-Сай өрөөнүнүн Босого Өтөк жайлоосунун 3575 метр бийиктиктеги тоо кыркасында 60 жылдан бери мал жандык багып, бай атка конгон ыраматылык Какелең Тентимишов аксакалдын байбичеси Нурбүбү Тентимишова жайлоодо жайы, кышы мал багуу менен алек.

Короосунда 1,5 миң кой, тубары 1,2 миңден ашык, субайы 400 кой жана 15ке жакын бодо мал, 1 үйүр жылкы, ошондой эле төө да багып келишет.

Жайлоого мейман келсе, айылда райондо кандайдыр бир саамалыктар болсо, Какелең бай аксакал 4-5 иригин айдап барып кошумчалап, меймандарды коноктоп турчу экен.

Какелең Тентимишов 1933-жылы ушул өрөөндө дыйкандын үйүндө туулган, анын жубайы Тентимишова Нурбүбү 1937-жылы туулган.

Колхоздун 40 түлүк малын колго алып, малчылык жолду улаган Какелең бай учурда короо толо малды толтуруп, үйүр-үйүр жылкы айдатып, Ак-Сай өрөөнүнө, Нарын облусуна белгилүү инсандардын бири болгон. Жогорку Советтин 3-жолку чакырылышыныны депутаты, Ленин орденинин ээси, Эмгек-Туу жана Эмгек каарман ордендеринин ээси болууга жетишкен.

Жубайы Нурбүбү Тентимишова учурда жолдошунун ордун толуктап, ата-бабадан келе жаткан салтты бийик кармап, жолдошун жоктотпой учурда 13 бала 59 небере, чөбөрөнү өстүрүп, чоңойтуп келет.

«Иштеген ишибизден, адамкерчиликтен жана дасторкондон баар тапканбыз. Жаман эмесбиз атаңардын каза болгонуна 5 жылдын жүзү болуп калды, атаңардан калган мал жандыктын калганын уул, кыздарым менен багып, ушул Ак-Сай өрөөнүндө жашап келебиз. 4 түндүк боз үй тигип жылына отурабыз, кыздарым дагы чебер жана ишкер кыздарым бар», - дейт ал.

«Абышкам төрдө отуруп, меймандарды коноктоп, сырттан келген мейманга мал союп даам сыздырмайын кетирчү эмес. Ошондой эле салтты катуу кармачу. Абышкамдын бир гана аты калбай калганына кейип отурам. Жок дегенде айылдын бир көчөсүнө же бир ишканабы, мекемеби же коомдук жерге абышкамдын ысымы берилбей калган. Ушуну жергиликтүү бийликтен өтүнүп кетет элем», - деп кошучалайт Какелең байдын байбичечи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×